Билим берүү министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт.
Бул үчүн 2021-жылдын майынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мугалимдердин
ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда. Квалификациялык категория үчүн ай сайын
1 миң сомдон 2 миң сомго чейин кошумча акы төлөнөт, — деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.
Бул максатта 2021-жылдын алгачкы төрт айына республикалык бюджеттен 99 миллион 700 миң сом каралды.