Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 жаңы мектеп пайдаланууга берилет.

Кеп, авариялык абалдагы мектептер тууралуу болуп жатат, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, алгач мектепте эмес башка имараттарда билим алып жаткан окуучулардын маселеси чечилүүдө.

Боронов белгилегендей, жалпысынан өлкө боюнча 29 авариялык абалдагы билим берүү мекемеси аныкталган.

Калгандары жыл аягына чейин курулуп бүтүп калат.