Кыргызстанда жогорку окуу жайлар Жаңы жылдан кийин ачылат

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар Жаңы жылдан кийин ачылат. Учурда Билим берүү министрлигинин иш тобу студенттер үчүн атайын алгоритм иштеп чыгууда. Андан тышкары, кайсы предметтерди салттуу негизде, кайсыларын аралыктан өтүүгө боло турганы чечилип жатат.

 

Өзгөчө көңүл Бишкектеги студенттерге бөлүнөт. Анткени, ордо калаада эпидемиологиялык абал дале курч бойдон сакталууда.