Жаңы окуу жылында өлкөдөгү бардык 1-класстар мектепке барып билим алышат

Жаңы окуу жылында өлкөдөгү бардык 1-класстар мектепке барып билим алышат.

Ал эми калган класстар аралыктан окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, быйыл мектеп босогосун 156 миң бала аттайт. Сабак учурунда окуучулардын аралыгы сакталат.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окутуунун алгоритмдери иштелип чыгат.

Андан кийинки чейректерде сабактар кандай формада өтүшү республикалык штабдын талкуусунда чечилет.