Кыргызстанда 207 окуу китеби электрондук форматка өткөрүлдү

Кыргызстанда 207 окуу китеби электрондук форматка өткөрүлдү.

Алар 4 тилде тагыраагы, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жеткиликтүү.

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, китептер kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасында жеткиликтүү.

Мындан тышкары, oku.edu.gov.kg билим берүү порталына кыргыз жана орус тилдеринде 500дөн ашык видео сабактар жүктөлдү.