Оштун ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды

Оштун ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ири коммерциялык объектилер мыйзамсыз жылуулукка кошулган, алардын ичинде мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу үйлөр да бар.

 

Мындай учурларда техникалык көрсөткүчтөр дагы эске алынган эмес, ал эми акчаны ЖЭБдин жетекчилиги өздөштүрүп келген.

 

Жыйынтыгында, мамлекетке ири суммадагы зыян келтирилген.