Кыргызстанда дистанциондук билим берүү боюнча онлайн-портал иштелип чыкты

Кыргызстанда дистанциондук билим берүү боюнча онлайн-портал иштелип чыкты.

Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка караганда, эми портал аркылуу орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары

сабактарды толук кандуу түрдө аралыктан өткөрө алат. Билим алуучулар ага уюлдук телефон,

смарт-жабдуу же компьютер аркылуу катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган портал учурда жумушчу долбоордун алкагында 15 колледжде ишке кирди.