61 жаштагя аял сулуулук ханышасы аталды

61 жаштагя аял сулуулук ханышасы аталды. Америкалык Кентукки штатынын тургуну Карен Рассел жергиликтүү сулуулук сынагына катышты. Муну менен ал небересине жаш курак – жөн гана сандар экенин тастыктагысы келген.

 

Ал максатына жетти – Карен Рассел сынакты жеңип чыкты. Ал эми анын атаандаштары аялдан дээрлик 2 эсе жаш болчу. Баса, белгилеп кетүүчү нерсе – 61 жаштагы пенсионер аял подиумда 18 сантиметр шиш така менен басып жүрдү.