Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанган 335 талапкер БШКга документтердин толук топтомун тапшырды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, учурга карата анын 80и каттоодон өттү. Каттоо процесси 28-октябрда жыйынтыкталат.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул ирет добуш берүү аралаш система менен өтөт.