Жалал-Абад мэрин шайлоо 3-декабрда өтөт.
Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусупбек Бейшенбаев билдиргендей,
учурда эки талапкер бар. Тиешелүү документтерди кабыл алуу 25-ноябрда токтотулду.
Эске салсак, кечээ ошондой эле Кара-Балтага жаңы мэр дайындалды.
Эми калааны Данияр Шакирбаев жетектейт. Аны 31 депутаттын 18и колдоду.