БШК парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын-ала түзүлгөн тизмесин жарыялады.
Жарандардын аты-жөнү менен жеке маалыматы tizme.gov.kg мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Учурга карата тизмеде 3 миллиондон ашык адам бар.
Бүгүнтөн тарта 12-ноябрга чейин жарандар андан өздөрүн текшерип алса болот.
Эгер кандайдыр бир катачылыктар бар болсо, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылуу керек. Кошумчаласак, добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын акыркы тизмеси 21-ноябрда жарыяланат.