Шайлоого карата Түркиянын Анталия шаарында шайлоо тилкеси ачылат

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата Түркиянын

Анталия шаарында шайлоо тилкеси ачылат. Кыргызстандын Стамбулдагы

Башкы консулдугунан билдиришкендей, буга чейин Түркиядагы кыргызстандыктар

Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун имаратында

ачылган участкаларда гана добуш берип келсе, эми үч шайлоо тилкесинде

добуш бере алышат. Добуш берүүгө катышуу үчүн жаран консулдук

каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырып, 12-ноябрга

чейин БШКнын тизмесине кошулушу керек.