Бир жумада эле биринчи класска 40 миңден ашык бала катталды

Бир жумада эле биринчи класска 40 миңден ашык бала катталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте 4 мектепте орун калган жок, алар — №26, №70, №29, №20 гимназиялар.

 

Ош, Жалал-Абад облустарында 7,5 миңден бала каттоого алынса, Чүйдүн мектептерине 5 миң 800 бала кабыл алынды. Ал эми Бишкекте 17 миң  орундун  4 миң 800 квотасы толду. Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 8-апрелде башталган.