Кыргызстандын мектептери ысык тамак менен толук кандуу 2023-жылга чейин камтылат

Кыргызстандын мектептери ысык тамак менен толук кандуу 2023-жылга чейин камтылат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, учурда ысык тамак 1 миң 371 мектепте берилип жатат.

 

Жалпысынан, Кыргызстанда 2 миңден ашык орто билим берүү мекемеси бар. Ысык тамак берүүнү жакшыртуу үчүн парламент депутаттары мамлекеттик сатып алууларда сапатка басым жасоо керек деген пикирде.