Байтик айылынан “Ала-Арча” жаратылыш паркына чейин веложол курулат

Байтик айылынан “Ала-Арча” жаратылыш паркына чейин веложол курулат. Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев билдиргендей, курулуштун долбоору даяр болду.

 

Ага ылайык, арканын жанында чоң унаа токтотуучу жай орун алат. Жарандар бул жерден унааларын токтотуп коюп, Ала-Арчага чейин велосипед менен жетип алса болот. Курулуш иштери жакынкы арада башталат, — деди Бариев.