Бирдиктүү салык декларациясын 73 миң салык төлөөчү тапшырды.
Ведомствонун маалыматында, декларация тапшыргандарга юридикалык жак,
жеке ишкер, салык салынуучу кирешеси жок жеке жактар, ошондой эле
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирди. Кошумчаласак,
1-мартка чейин юридикалык жактар 1-апрелге чейин физикалык жактар
Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Убагында төлөм жүргүзбөгөндөр айыпка тартылат.