Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 10 документке кол коюу пландалууда

Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 10 документке кол коюу пландалууда.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, бардык документтер коммерциялык эмес мүнөздө болот.

Маселен, туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору менен ЖОЖдор аралык консорциум түзүү боюнча макулдашуу болот.