Нарын облусунун Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан үч адам үйүнө кайтып келди.
Бул тууралуу бизге жергиликтүү милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда алардын абалы жакшы.
Белгилеп кетсек, Ат-Башынын Ак-Муз айылынын үч тургуну Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан.
Алардын арасында мектеп окуучулары да бар болчу.