Мектептерди толук кандуу ачуу боюнча чечимди эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик кабыл алат

Мектептерди толук кандуу ачуу боюнча чечимди эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Абал туруктуу болгон аймактардагы мектептер кадимки режимде иштей берсе болот. Болгону санитардык нормалар так сакталышы зарыл. Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күндө республика аймагында 2 миңден ашык жалпы билим берүү мекемеси толук кандуу иштеп жатат.