Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке барып окуп калышы мүмкүн

Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке барып окуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, ага чейин өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса, мектептер салттуу окуу форматына кайтып келет.

 

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу, өлкөнүн билим берүү мекемелери марттан тарта аралыктан окутуу форматына өткөн. Жаңы окуу жылынан тарта 1-класстын окуучулары гана мектепке барып билим алышууда.