Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-февралдан тарта кадимки форматта иштей баштайт. Ал эми 15-январдан баштап айрымдарын ишке киргизүү пландалууда, — деп билдирди ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.
Ал белгилегендей, бул үчүн Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу болушу керек.
Буга чейин Билим берүү министрлигинен Бишкектеги мектептерде 3-чейректен тарта окуу кадимки режимде башталарын жарыялашкан болчу.