Бишкекке карантин киргизилбейт

Бишкекке карантин киргизилбейт.

Вице-мэр Айжан Чыныбаева жарыялагандай,  эгер эпидемиологиялык абал начарласа

шаардык штаб кошумча чектөө чараларын киргизүү маселесин карайт. Учурда коомдук жайларда

санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлдөнүп жатат. Эрежелердин аткарылышына

чарба субъектилеринин ээлери жооптуу болот. Санитардык талаптардын сакталышын

текшерүү рейддери уланууда. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү ордо калаада

ковидге кабылгандардын саны көбөйүп жатат.