Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү деңгээлде.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, муниципалитет кызматкерлери
сатуучуларга алып-сатууда бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча
түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Калаа бийлигинен белгилешкендей,
Кара-Кече жана Шабыркүл үлгүсүндөгү кара отундун тоннасы орточо
эсеп менен 4 миң сом. Ал эми бир кабы 170 сомдон 280 сомго чейин бааланып жатат.