“Ош” эл аралык аэропортунда 44 миллион сомго оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, түштүк ордо калаанын аба бекетинин жарык берүү системасы, коммуникациялык жабдуулары жаңыртылып, аэродромдун учуп-конуу тилкеси ондолот.