Бишкек – Балыкчы поезд каттамы качан жанданат, белгисиз. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Белгилеп кетсек, Боом капчыгайында улам сел жүргөндүгүнө байланыштуу, поезд каттамы 10-августка чейин токтотулган болчу.
Бирок селдин кесепетин тазалоо иштери дагы эле уланып жаткандыктан, каттам азырынча жанданбайт.