Кыргызстанда аскерге күзгү чакырык башталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Күзгү чакырууда мөөнөттүү аскердик кызматка 3 миңден ашык улан, ал эми альтернативдүү кызматка 10 миңге жакын жаран чакырылат.
Жаш курагы туура келген кыргызстандыктар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келип, комиссиядан өтүшү керек. Чакырык ноябрга чейин уланат.