Бишкектеги ботаникалык бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт куураган чөптөн чыккан. Аталган бакчада 2 бөлүм иш алып барып, өрт 15:02де чектөөгө алынган.
Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.