Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар объектилерин ачууга даярдык көрүлүүдө

Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар объектилерин ачууга даярдык көрүлүүдө. Мэриядан билдиришкендей, 1-декабрдан тарта кинотеатр жана фудкортторду ачуу пландалууда.

 

Башкы талап – санитардык нормалар сакталып, отургучтар ортосундагы коопсуз аралык сакталышы кажет. Ордо калаа бийлиги ошондой эле, театрларды ачуу суроосун карап жатат. Күн тартибине компьютер клубдарынын ишине уруксат берүү дагы киргизилди.