Бишкек эпидемиологиялык кырдаал боюнча “кызыл зонада”

Бишкек эпидемиологиялык кырдаал боюнча “кызыл зонада”.

Республикалык штабдан түшүндүрүшкөндөй, калк арасында эмдөөнү күчөтүү,

коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында,

оюн залдарында коргонуу чараларын күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү жана

сактоо зарыл. Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына

кабылгандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 12-январда, өлкөдө алгачкы ирет

вирустун «омикрон» штаммы катталды. Оорунун белгилери байкалганда

үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жана үй-бүлөлүк дарыгерлер

тобуна же дарыгерге кайрылуу кажет. Ошондой эле

118 түз байланыш номерине чалса болот.