Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагасынын үч орун басарын шайлады

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагасынын үч орун басарын шайлады.

Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, Жамиля Исаева жана Нурбек Сыдыгалиев бирдей

74төн добуш алды, Улан Примов 59 добушка ээ болуп спикердин орун басарлары болду.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн.

Ага ылайык, 8 комитет жана үч вице-спикер болот.