Кыргызстанда 1-январдан тартып жөлөк пулдар 100 пайызга көбөйдү.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында,
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана адамдарга
берилүүчү жөлөк пул өткөн жылдын 1-октябрынан тартып 4 миң сомдон
6 миң сомго көтөрүлгөн. Эми анын өлчөмү 8 миң сомду түзөт. Андан тышкары,
бир катар категорияда жөлөк пул алып жүргөндөрдүн акчасы жогорулады.