Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 7,5 миң тест-система берди.
Муну менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жабдууга болгон муктаждыгы жоюлду.
Учурда өлкөдөгү вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу максатында,
медицина жана обсервация кызматкерлери, эпидемиологдор, тез жардам
кызматынын адистери күнү-түнү иштөө режимин улантып жатышат.
Белгилеп кетсек, бизге буга чейин тест-системаларды
АКШ, Япония жана Түркия дагы тапшырган.