Апрелде эл аралык резервдер 8 айдан бери алгачкы жолу көтөрүлдү

Апрелде эл аралык резервдер 8 айдан бери алгачкы жолу көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат. Өткөн айдын жыйынтыгы менен резервдер 2 миллиард 675 миллион долларды түздү.

 

Муну менен бир айда эле алар 152,58 миллионго көбөйдү. Эске салсак, Улуттук банк эл аралык резервдерди улуттук валютанын серпилүүсүн жөнгө салуу үчүн колдонуп келет.