Өлкөдө кумшекердин баасы бир жылда 46 пайызга жогорулады

Өлкөдө кумшекердин баасы бир жылда 46 пайызга жогорулады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, февралдын аягына карата канттын килограммын тургундар 60 сомго сатып алышса, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында ал 19 сомго арзан болчу.

 

Баалар республика аймагында ар башка. Мисалы, эң кымбат азык Ош, Жалал-Абад жана Исфанада.

 

Бул түштүк калаада канттын килограммы 64 сом 50 тыйын турат. Эң арзан Өзгөндө жана Ноокатта – килограммына 47 сом.