Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареялары берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Чиновниктин айтымында, күн батареялары кирешеси аз үй-бүлөлөрдү акысыз электр энергиясы менен камсыздайт. Андан тышкары, долбоор ашыкча электр энергиясын мамлекетке сатуу мүмкүнчүлүгүн дагы тартуулайт.