Ошто таксилер дагы токтотулат. Мэрия жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга үйдөн чыкпай отурууну сунуштайт. Калаа жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду.
Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, айдоочулардын дене табы өлчөнүп жатат. Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизди. Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат.