Бишкек мэриясы 50 миллион долларга электр энергиясы менен жүргөн 350 автобус сатып алуу ниетинде. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Мэр Азиз Суракматов Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугуп, автобустарды грант менен насыянын эсебинен алуу маселесин талкуулады.
Күтүлгөндөй, каражат жыл аягына чейин берилип калат. Буга чейин мэрия борбордук бөлүктө кыймылды азайтуу үчүн 520 автобус алуу планын жарыялаган.