Бишкекте коомдук унаалар күнүнө 4 ирет дезинфекцияланышы керек

Бишкекте коомдук унаалар күнүнө 4 ирет дезинфекцияланышы керек.

Тиешелүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду. Мэриядан

белгилешкендей, транспорттук кызматтар күнүнө унааларды хлор

кошулган аралашма менен тазалап жатышат. Ошондой эле жүргүнчүлөр

коомдук унаада жүргөндө бет кап кийип, акча жана монета кармаган соң

колдорду жууп, көчөдө болсо антисептик колдонуп туруулары кажет.