Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Өзгөчө бул Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка- Ак-Таш жана Каракол-Эңилчек жолдоруна сапарга чыга тургандарга тиешелүү.

 

Аталган трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат