Бишкек мэриясы акысыз муз майданын ачты

Бишкек мэриясы акысыз муз майданын ачты. Бул тууралуу 24 агенттигине “Шаар парктары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, муз майданы “Молодежный” эс алуу багында иштеп жатат.

 

Каалоочулар анда акысыз муз тебе алышат. Коопсуздукка атайын нөөмөт бригадасы көз салууда. Белгилеп кетсек, эс алуу аймагы Ганди көчөсүнүн Жибек Жолу проспектиси менен кесилишинде жайгашкан.