Бишкекте 5 чакырым көчөнүн капиталдык оңдоо иштери аткарылды. Мэриянын маалыматына ылайык, Беларус, Осмонов, Аэропорт, Муса Жалил, Кокчетав, Түлөбердиев, Ашхабат, Краснодонцев көчөлөрү калыбына келтирилди.
Оңдоо иштери Пушкин, Бобулов, Үсөнбаев, Ибраимов, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө уланууда. 3 чакырымдан ашык тилкеде асфальт катмары жаңыртылат.