Өкмөт ишсиз жарандарга убактылуу жумуш орундарын сунуштоо ниетинде

Өкмөт ишсиз жарандарга убактылуу жумуш орундарын сунуштоо ниетинде.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында

20 миңге жакын адам эки ай иштеп, 5 миң сомдон айлык алышат. Бул үчүн бюджеттен

200 миллион сом талап кылынат. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга кирүү үчүн иш менен

камсыздоо кызматына катталуу керек. Ошондой эле программага жарым жылдан бери

жумушсуз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга

артыкчылык берилет. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.