Бишкектеги башаламандыкта 5 медицина кызматкери жабыркады

Бишкектеги башаламандыкта 5 медицина кызматкери жабыркады.

Ошондой эле, 6 тез жардам унаасы талкаланды. Бул тууралуу

саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет.

Ведомство башчысы кызматкерлерге жана техникалардын жабыр тартканына

тынчсызданууда, ошондой эле ал саламаттыкты сактоо кызматкерлерин

саясатка аралаштырбоого чакырат. Министрликтин негизги миссиясы

бул – бардык тармакка үзгүлтүксүз  түрдө медициналык жардам көрсөтүү.