Бишкек мэриясы көчөлөрдөгү күркөлөрдү жабуу маселесин карап жатат

Бишкек шаардык мэриясында көчө күркөлөрүнүн ээлери менен ижара келишимин бузуу маселеси каралууда.

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда шаардын борборунда мындай соода түйүндөрүн демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

«Келечекте калаанын борбордук көчөлөрүнө шаардын архитектурасына шайкеш келген бирдиктүү павильондорду орнотуу пландалууда.

Учурда жаңы павильондордун эскиздери бекитүү стадиясында», — деп айтылат маалыматта.