Бишкек мэриясы келерки 15-20 жылга жаңы башкы план иштеп чыгат

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен борбор калаанын архитектуралык жаңы башкы планын иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

 

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы башкы план келерки 15-20 жылга шаардын көрүнүшү жана инфраструктурасы кандай болорун аныктайт.

Башкы планды иштеп чыгуу, жашылдандыруу жана борбор калаанын ирригациялык тармактарын жакшыртуу иштери мэриянын 24-марттагы кезектеги жыйынында талкууланды.

 

Анда борбор калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын башчысына 10 күндүн ичинде шаардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн архитекторлор менен жыйын өткөрүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын башкы архитектуралык планы 2006-жылы кабыл алынган. Ал борбордун 2025-жылга чейинки инфраструктуралык өнүгүшүн көзөмөлдөйт. Документ алгач жашыруун кармалып келип, 2014-жылы гана расмий жарыяланган.

Башкы пландын негизинде Бишкектин деталдуу пландоо планы иштелип чыгат. Ал кечеңдеп отуруп, 2019-жылы гана кабыл алынган. Анын мазмуну толук жарыяланган эмес жана ага байланыштуу жарандар менен шаардык кеңештин ортосунда соттошуулар болгон.