Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда медициналык колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда медициналык колдоо көрсөтөт.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев менен уюмдун аймактык бюросунун жетекчиси Ханс Клюгенин макулдашуусу менен 10 күн аралыгында өлкөгө гуманитардык жардам жиберилет.

 

Анда кардиомониторлор, медициналык беткаптар, мээлейлер, тест системалары жана башка зарыл буюмдар болот.