Ысык-Көл облусундагы 101 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтү жер
мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен мындан 22 жыл мурда «Каухар»
пансионатынын жанында жайгашкан 10 гектар жер тилкесин жаранга
менчикке берген. Учурда жер тилкеси мамлекеттин балансына кабыл алынды.