ФИФАнын Twitter баракчасынан Месси «тарыхтагы эң мыкты футболчу» деген маалымат өчүп калды

ФИФАнын Twitter баракчасынан «Лионель Месси тарыхтагы эң мыкты футболчу» деген маалымат өчүп калды.

Аргентина Дүйнө чемпиондугун жеңгенден кийин жарыяланган маалыматта “Тарыхтагы эң мыктылар боюнча талаш чечилди. Башкы байге азыр коллекцияда” деп жазылган.

Бирок бүгүн колдонуучулар билдирүү өчүрүлгөнүн аныкташкан.

Муну менен бирге Криштиану Роналдунун сүрөтү жана «Эгер сизге 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жакса баш бармакты көтөрүңүз» деген жазуусу бар твит жоголду.