Ош облусунда бардык райондордун кире беришине карантиндик түйүндөр орнотулду

Ош облусунда бардык райондордун кире беришине карантиндик түйүндөр орнотулду.

Андан өтүүдө жарандардын саламаттыгы текшерилет. Ошондой эле Араван жана

Өзгөн райондоруна карантиндик чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу novosti.kgге

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Райондук штабдын чечими менен

той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана жума намазга барууга тыюу салынды.

Эрежеге баш ийбегендерге 60 миң сомго чейин айып салынат. Чектөөлөр 2 жумага чейин күчүндө болот.

Анын ортосунда, азык-түлүк базарлары, дарыканалар, банктардын иштешине чектөөлөр жок.