Бишкек мэриясы Жаңы жылды тосууга даяр

Бишкек мэриясы Жаңы жылды тосууга даяр. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, эстрада ырчыларынын катышуусу менен майрамдык концерт Ала-Тоо аянтында эртең кечки саат 7де башталат.

 

Шаар тургундарынын ыңгайы үчүн коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин каттайт. Андан тышкары, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев көрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн көчөлөрдө фейерверк-салюттарды сатууга тыюу салды.